Исламдын көрүнүктүү сынчысы, даниялык жазуучу жана тарыхчы Ларс Хадегаардка кол салуу аракети болду. Даниянын маалымат булактарынын кабарлашынча, өзүн почта алып келдим деген адам Хадегаарддын үйүнө келип, жазуучу эшикке чыкканда ага ок аткан. Бирок ок ага тийбегенин Ларс Хадегаард өзү тастыктады. Бул кабарды Копенгагендин полициясы да ырастады. Хадегаард - Даниянын эркин басма сөз коомунун башчысы. Бул коом исламды сындаган жыйындарды жана лекцияларды уюштуруп жүрөт. Даниянын соту 2011-жылы мусулмандарды шылдыңдады деп, Хадегаардга 1 миң евро айып пул салган.