Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Болгария Бургастагы бомба чабуулу үчүн "Хезболланы" айыптады


Болгариянын Бургас курортунда былтыр июлда болгон бомба чабуулун Ливандагы "Хезболла" согушчул тобу уюштурганын болгар ички иштер министри Цветан Цветанов билдирди. Анын айтышынча, чабуулду уюштургандардын биринде Канаданын, экинчисинде Австралиянын паспорту болгон. “Бул экөө "Хезболланын" согушчул канатынын мүчөлөрү экенин жана аларды "Хезболла" каржылаганын ырастаган далилдер бар”, - деп кошумчалады Цветанов. Израил июлдагы чабуул үчүн "Хезболланы" жана Иранды айыптаган. Бирок Иран айыптоону четке какса, "Хезболла" эч кандай жооп берген эмес.

Бургаста автобуска коюлган бомбадан беш израилдик жана айдоочу набыт болгон.

XS
SM
MD
LG