Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Косово менен Сербияны президенттери өз ара мамилени талкуулашат


Бул тууралуу Косовонун президенти Атифет Жахжега “Азаттыкка” билдирди. Ал Серб президенти Томислав Николич менен менен шаршембиде Брюсселде жолугушат. 5-февралда “Азаттыкка” курган маегинде Жахжега жолугушуу эки коңшунун ортосундагы жакшы мамиленин калыптануусуна салым кошот деген үмүтүн айтты:

- Бул жолугушуу символикалык түрдө болуп жатканы менен маанилүү дагы. Анткени бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн ийгилиги катары мамлекет башчылардын алгачкы жолугушуусу. Биз Евробиримдик тарабынан биздин премьер-министрлердин катышуусунда, АКШнын кубаттуу колдоосу алдында жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү колдойбуз.

Косовонун президенти Сербия тараптан Косовонун көз карандысыздыгын таануу аймактагы кырдаалдын жакшыруусуна алып келерин белгилеп, Сербия менен Косово Евробиримдикке кошулууга бири-бирине жакшы түрткү бере аларын кошумчалады.

Косово Сербиядан 2008-жылы бөлүнүп чыккан. Расмий Белград Косовонун көз карандысыздыгын тааныгысы келбейт. Косовонун түндүк анклавындагы сербдер да Приштинанын бийлигине баш ийүүдөн баш тартып келишет.

XS
SM
MD
LG