Жогорку Кеңеш ушу тапта жазгы талаачылык иштерине даярдыкты талкуулап жатат. Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевдин айтымында, быйыл тамак-аш коопсуздугу башкы маселе катары коюлуп жатат.
Башка өсүмдүктөрдүн айдоо аянтын кыскартуу менен буудай себүү көбөйтүлүүдө. Кант, тоют өсүмдүктөрүнүн аянты да көбөйөт.
Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү аянтын 1 миллион 171 миң гектарга чейин жеткирүү каралган. Өткөн жылдагыдан бул 6,3 миң гектарга көптүк кылат.
Депутаттар Надира Нарматова, Жылдызкан Жолдошева жана Исмаил Исаков министрликтин ишин кескин сындап, жазгы айдап-себүүгө даярдык начар деген пикирин айтты. (RK)