Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Каттамсыз калган барактыктар чек араны ачууну талап кылууда


Кыргызстандын Өзбекстан ичиндеги эксклавы - Барак айылынын тургундары чек араны ачууну талап кылууда. Эл арасында нааразылык күчөп жатканын "Азаттыкка" Барактын тургуну Алмаз Каримов билдирди.

Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, ал жердеги чек араны ачуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр уланууда.

Барак Оштун Кара-Суу районуна карайт. 5-7-январда Баткендин Чарбак айылында чыккан чек ара жаңжалынан кийин Өзбекстан башка чек ара бекеттери менен катар Баракка өтчү Бирлешкен бекетин да жаап койгон. Ошондон бери Барак изоляцияда калууда. 25-январда кыргыз тарап барактыктарга гуманитардык жардам жеткирип берген. Ошондон бери ал жакка эч жардам өтө элек.

Ал эми Кыргызстандын ичиндеги Сох өзбек анклавына өтчү бекеттердин бири - Вуадил 1-февралда ачылды. Сох Кыргызстандын Баткен облусунун аймагында жайгашкан. Ал жакка да жол январда жабылып калган болчу. (EzK/RK)

XS
SM
MD
LG