Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Москва метросундагы жардыруу үчүн айыпталган киши өлтүрүлдү


2010-жылы Москва метросундагы кош жардырууну уюштурган деп шектелген киши Дагестанда өлтүрүлдү. Орусиянын анти-террордук комитетинен маалымдашкандай, Гусен Магомедов Кадыркент айылынын жанында өткөрүлгөн атайын операция маалында башына ок жеп каза тапты. Комитет Магомедов метродогу жардыруунун алдында жан кечти аялдардын бирин коштоп жүргөн деп маалымдады. Эки станциядагы кол салуудан 39 киши каза болуп, 88 киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG