Анда айыпталуучулардын бири Талант Мамытовду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттын өтүнүчү каралуусу күтүлүүдө. Ошондой эле айыпталуучулар көрсөтмө берүүнү улантышат. Бул тууралуу адвокат Искендер Журабаев “Азаттыкка” билдирди.
Өткөн соттук териштирүүдө 3-октябрдагы окуя боюнча айыпталып жаткан “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Садыр Жапаров көрсөтмө берип, митингди уюштуруу өзүнүн Конституциялык укугу экенин айтып, ал эми бийликти басып алууга аракет кылган, Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасаган деген айыптарды четке каккан. (ZKo)