Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Укук коргоочуларга жана журналисттерге арналган колдонмо таратылат


Кыргызстандагы “Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту” (IWPR) ЮСАИД менен бирдикте адам укугу темасын чагылдырган журналисттер жана укук коргоочулар үчүн эки колдонмо китеп чыгарган. Бүгүн бул колдонмолордун бет ачары болмокчу. “Бул колдонмолор журналисттерге адам укуктары бузулган учурларды чагылдырып, акыйкат коомду жаратууга көмөктөшүүчү түпкү маалыматтарды жана идеяларды берет” деп айтылат маалыматта.

IWPR бул китепчелерди Борбор Азиядагы жалпы укук коргоо көйгөйлөрүн чагылдыруу тажрыйбаларынын негизинде иштеп чыккан, ал эми USAID аларды кыргыз, орус жана өзбек тилинде басып чыгарууга көмөктөштү. Китепчелер укук коргоочуларга, алдыңкы маалымат уюмдарына, ошондой эле 11 жогорку окуу жайларына таркатылмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG