Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Тунисте нааразылык акциялары тутанды


Тунисте миңдеген киши оппозиция лидеринин киши колдуу болушунан кийин нааразылык акцияларына чыгышты. Улутчулдардын Бирдиктүү демократиялык партиясы билдиргендей, Чокри Белаид бүгүн баш калаадагы үйүнөн чыгып бараткан жеринен ок жеген. Ал ооруканага жеткирилгенден кийин жан берди. Белаид өкмөттө үстөмдүк кылган байистүү исламчылардын “Эннахда” партиясынын оппоненти болчу.

Борбор шаар Тунисте ички иштер министрлигинин маңдайына бир нече миң киши топтолсо, “Араб жазынын” бешиги атыккан Сиди Бузид шаарында андан да көп киши чогулду. Полиция демонстранттарга каршы жаш агызчу газ колдонгону кабарланууда. Страсбургда жүргөн президент Монсеф Марзуки Европа парламентинин депутаттарына кылмышты демократиялык жараяндарга каршы болгон душмандардын аракети катары баалады.

2 жыл мурун Тунисте элдик толкундоолор башталып, президент Зине Эл Абидин Бен Али кулатылган. Бирок өлкөдө социалдык жана диний тирешүүлөр уланууда.

XS
SM
MD
LG