АКШ Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарына, анын ичинде Ислам телерадиосуна жана анын башчысына каржылык санкция киргизди. Вашингтон бул маалымат каражаттарын цензура жана саясий оппоненттерге кысым көрсөтүп жатканы үчүн айыптоодо. 2009-жылкы президенттик шайлоодон кийин Иран Би-би-си, “Америка добушу” жана башка чет элдик каналдарды бууган.
АКШ каржы министрлигинин өкүлү санкциялар Ирандын 2009-жылы түзүлүп, өкмөттүн саясатына каршы жазылган блогдорду жок кылган, блоггерлерди кармаган жана оппозиционерлердин электрондук почталарын бузуп кирген киберполицияга да киргизилгенин маалымдады.
Мындан тышкары санкциялар Ирандын өзөктүк программасына каршы мунай сатуудан түшкөн каражатын кыскартуу максатында киргизилүүдө. Ага ылайык АКШ санкциясынан көз карандысыз Ирандан мунай сатып алып жүргөн өлкөлөрдүн саны азаят, ошондой эле чет мамлекеттерде мунай сатуудан түшкөн кирешени алуу жагы да катаалданмакчы.
АКШ баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасы үчүн айыптап келет, ал эми Иран болсо өзөктүк программаны тынч максатта гана өнүктүрүп жатканын айтууда.