Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында элүү чакты адам катышкан митинг өтүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, анын катышуучулары өзүлөрүн "Апрел байрагы" жана "Айкөл Ала-Тоо" уюмдарынын өкүлү экенин айтууда. Митингчилер апрел окуясындагы талап-тоноочулук боюнча маалыматты талдаган депутаттык комиссиянын ишине калыс баа берүүнү талап кылып жатат.
Бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңеш Бишкек шаарынын №1 тергөө абагында кармалып жаткан айрым жарандардын 2010-жылдын 7-9-апрелинде болгон талап-тоноолор жөнүндө айткандарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын карайт. Бул комиссия былтыр сентябрда түзүлгөн.
Тергөө абагындагы Абдулла Юсупов деген жаран талап-тоноого "Ата-Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн тиешеси бар деп айткан. Бирок "атамекенчилер" бул дооматтар негизсиз экенин айтып келүүдө. (MiT/RK)