Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Никитенко: Талоончулук боюнча комиссиянын бүтүмү негизсиз


2010-жылдын апрелиндеги талоончулук боюнча айтылганды иликтеген депутаттык комиссия чыгарган бүтүм негизсиз. Бул тууралуу ушу тапта өтүп жаткан талкууда депутат, аталган комиссиянын мүчөсү Наталья Никитенко билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын бүтүмү регламент боюнча эгерде ага көпчүлүк добуш бергенде гана анык деп эсептелет.

Никитенко тергөө абагындагы Абдулла Юсуповдун айткандары депутаттык комиссия түзүлгөнгө чейин эле бир нече жолу текшерилип, тастыкталбаганын кошумчалады.

Комиссия тергөө тобунун материалын негиз кылып, ага таянгандын ордуна четке кагып, ишенбегендей мамиле кылганын кошумчалады.

Бүгүн комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов талоончулукка Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тиешеси бар деген бүтүм чыгарылганын айткан.

Бирок комиссиянын он мүчөсүнүн бешөө гана корутундуга макул болуп кол койгон, калганы койгон эмес.

Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан Абдулла Юсупов талоончулукка "Ата-Мекен" партиясынын лидерлеринин тиешеси бар деп билдирген. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG