Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Ооганстандын чыгышында НАТОнун бир тик учагы жерге кулады


Бүгүнкү кырсыктын себептери азырынча иликтенип жатканын, окуядан эч ким жабыр тартпаганын НАТОнун жетекчилигиндеги Эл аралык коопсуздук күчтөрүнөн кабарлашты. Альянстын расмий өкүлү билдиргендей, окуя болгон учурда аймакта душмандын эч кандай чабуулу байкалган эмес. Ошол эле маалда, "Талибан" кыймылынын атын атагысы келбеген өкүлү “Франс Пресс” маалымат агенттигине жазган катында тик учакты Каписа вилаетинин Тагаб районунда талиптер ракета менен атып түшүрүшкөнүн, ошондо ал жарылып кеткенин кабарлаган. Анын ишениминде, тик учактагылардын баары набыт болгон. Ал эми Каписанын губернатору Мехрабуддин Сафи соңку кырсык аймакта “козголоңчуларга каршы аскердик операция дале улантылып жаткан” чакта болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG