Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Сирия президенти Башар ал-Асад менен ага каршы күрөшүп жаткан оппозицияны дээрлик эки жылдан берки конфликтти токтотуш үчүн сүйлөшүүгө үндөдү. Ахмединежад Египеттеги телеканалда көрсөтүлгөн маегинде бул сүйлөшүлөрдөн кийин өлкөдө шайлоо өтүшү зарыл экенин, “Сирия эли өз келечегин өзү гана тандашы керек” деп билээрин айтты.
Иран – Сириянын регионалдык жакын өнөктөшү жана эл аралык коомчулуктун Асадды бийликтен кетүүгө чакырыктарын четке кагып келген. Ахмединежад ушул күндөрү Египетте Ислам кызматташуу уюмунун саммитине катышып жүрөт. Бул – Иран лидеринин Египетке акыркы 30 жылдан бери жасаган алгачкы визити.
Сирияда 2011-жылдын мартынан бери уланып жаткан кагылыштарда 60 миңдей адам өлгөнү айтылууда. Бул өлкөдөгү тынчтыкка жетишүүнүн жолдору - азыр Ислам кызматташуу уюмунун саммитинде талкууланып жаткан башкы темалардын бири.