Бүгүн Тунистин борборунда жана Гафса деген борбордук шаарчада демонстрацияга чыккан жүздөгөн анти-исламчыл митингчилер полиция менен кагылыша кетти. Буга кечээ өлкөдө секулярдык оппозициянын лидери Чокри Белаиддин өмүрүнө болгон кол салуу себеп болгон. Белаид өкмөттө үстөмдүк кылган “Эннахда” байистүү исламчыл партияны сындап келген эле.
Гафсадагы тополоңдо демонстранттар полицияга карай “Молотов” коктейлдерин ыргытышты. Ага жооп иретинде полиция митингчилерге көздөн жаш чыгарчу газ атты. Саясатчынын өлүмүнөн кийин премьер-министр Хамади Жебали - ал да “Эннахданын” мүчөсү - өкмөттү таркатаарын, анын ордуна технократтардын өкмөтүн кураарын жарыялады. Жебалини бул билдирүүсү үчүн өзүнүн эле партиясындагы жетекчилер сындап жатышат.
Ал арада өлкөдөгү эң ири соода бирикмеси оппозиционердин өлтүрүлүшүнө нааразылык билдирип, эртең элди жалпы иш таштоого чакыраарын кабарлады.