Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Сирия: Дамасктын айланасында кармаш күчөдү


7-февралда Дамасктын айланасындагы козголоңчулар ээлеген райондордо кагылыштар күчөп, ок атуу токтобой жатат. Президент Башар Асадды колдогон өкмөттүк аскерлер бул райондорго көзөмөлдү алууга аракет кылып жатышат. “Франс Пресс” агенттиги жазгандай, өкмөттүк күчтөр Дамаск-Алеппо магистралына жакын жайгашкан маанилүү Карназ районуна кайрадан ээлик кыла баштады.

Кандуу кармаш жүрүп жаткан кезде Каирде өткөн Ислам кызматташтык уюмунун жыйынында мүчө өлкөлөр бийлик менен оппозицияны “колун канга малбай” олуттуу сүйлөшүүлөргө чакырды. Ал ортодо АКШнын коргоо министри Леон Панетта Сирия оппозиция өкүлдөрүн куралдандыруу боюнча сунуш болгонун, бирок Кошмо Штаттар мындай сунушту четке какканын мойнуна алды.

Сирияда 2011-жылдын мартынан бери уланып жаткан кагылыштарда 60 миңдей адам ажал тапты.

XS
SM
MD
LG