Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Иран: Аятолла Хаменеи АКШнын сунушуна макул болгон жок


Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи АКШнын вице-президенти Жо Байдендин тикелей сүйлөшүүлөр боюнча сунушун четке какты.

Бейшембидеги Ирандын аба-куралдуу күчтөрдүн командирлеринин жыйынында Хаменеи мындай сүйлөшүүлөрдөн эч майнап чыкпайт деп билдирди. Ошондой эле жогорку лидер "АКШ колундагы тапанчаны Иранга кезеп, сүйлөшүүлөр жөнүндө сөз баштап жатат" деп сыпаттады. Хаменеинин мындай билдирүүсү АКШ Иранга карата жаңы санкцияларды киргизген соң жасады.

Өткөн ишембиде Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден Вашингтондун Тегеран менен тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Ирандын атомдук программасын талкуулоо сунушун билдирген эле.

АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү Ирандын өзөктүк программасынын аскерий өңүтү бар деп шек санаса, Тегеран программасы энергия алуу максатын гана көздөрүн айтып келет.

XS
SM
MD
LG