Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Азербайжан жазуучусу чуулгандуу китеби үчүн наамынан ажырады


Азербайжандын президенти Илхам Алиев жазуучу Акрам Айлислини Эл жазуучусу деген наамдан ажыратуу боюнча буйрукка кол койду. Муну менен катар 75 жаштагы жазуучу мамлекеттен алган пенсиясынан да кол жууду. Мындай чечим Айлислинин “Таш кыялдар” деп аталган чуулгандуу китеби орус тилинде басылып чыккан соң кабыл алынды. Китепте Азербайжан менен Армениянын ортосундагы мамилелер, Тоолуу Карабак тууралуу баяндалган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары "жазуучу бул китеп аркылуу Азербайжан тарыхын бурмалап, элин келекелегени үчүн президент ушундай кадамга барганын" жазып чыгышты.

Акрам Айлисли “Азаттыктын” Азери кызматынын кабарчысына президенттин мындай чечими “күтүүсүз” болгонун, Эл жазуучусу жана башка наамдарга мурдагы эмгектери үчүн татыганын билдирди.

XS
SM
MD
LG