Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин өкүлдөрү Ошко келди


Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгында иштеген менеджерлер Ошко иш сапар менен келип кетти. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, алар Оштун жетекчилиги менен жолугуп, Кыргызстандын түштүк аймагында ишке ашыруучу долбоорлор тууралуу сүйлөштү. Кыргыз тарап өнөр жай, айыл чарба, туризм тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин негизинде түзүлгөн. Жаңы уюмдун экинчи саммити былтыр Бишкекте өткөн. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Түркмөнстан катышкан.

Быйыл үчүнчү саммит Бакы шаарында өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG