Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Атамбаев чек ара маселелерин талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов менен чек ара маселелерин талкуулады. Жолугушуу кечээ өткөнүн бүгүн президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Атамбаев чек арага жакын айылдардын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу абдан маанилүү экенин айтып, сабырдуулук менен жоопкерчиликти да эске алуу керектигин кошумчалады. Кыргызстан чек ара маселелерин кароодо Өзбекстан менен мурда жетишилген келишимдерге таянаарын жана объективдүү мамиле жасаарын белгиледи.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунан өткөн чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1378 чакырым. Анын 1007 чакырымы, башкача айтканда 73 пайызы такталган, 27 пайызы тактала элек.

Өткөн айдын башында Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусу чектешкен жерде чек ара чатагы чыгып, 30дай кыргызстандык бир суткача барымтада жатып коё берилген, айрымдары ур-токмокко алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG