Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:05

Токтогул - Торкен - Толук унаа жолун кар көчкү басып калды


Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул - Торкен - Толук унаа жолунун 46-чакырымында кечээ көлөмү болжол менен 5400м³ кар көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, кар көчкүнү тазалоого атайын техника тартылды. Жол каттамы бүгүн эртең менен бир изге гана ачылды. Жолду кардан тазалоо иши уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG