Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Жалал-Абадда "хизбутчу" делгендердин башчысы кармалды


Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун Жалал-Абад шаары боюнча көзөмөлдөөчүсү деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Таалайбек Сусунбаев билдирди.

Анын айтымында, 6-февралда облус боюнча "Экстремист" деген аталыштагы операция башталды. Ал диний экстремизмге каршы уюштурулууда, 10-февралда жыйынтыкталат.

7-февралда ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында төрт киши кармалды. Экөө Жалал-Абад шаарынан, калган экөө Аксы районунан жана Шамалдуу-Сай шаарчасынан. Кармалгандардын бири, 40 жаштагы жаран "Физб-ут Тахрирдин" Жалал-Абад боюнча көзөмөлдөөчүсү болгон деген шек бар. Алардан экстремисттик мазмундагы 37 даана китеп, 38 видео диск, 3 флеш карта, 6 китеп жана 1 ноутбук алынган. (EBM/YA)

XS
SM
MD
LG