Бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” парламенттик фракциясы Кумтөр боюнча макулдашууну жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап, өкмөткө жөнөттү.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаев макулдашууга ылайык Кумтөр алтын кенин иштетүүнү башкаруу 2004-жылы Кыргызстанга өтүшү керектигин белгилеп, бирок ошол кездеги “камеколуктар” коррупцияланышкан бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кенди иштетүүнү башкаруунун мөөнөтүн дагы узартып алышкандыгын маалымдады. 2003-жылдын жаңы жыл түнүндө ошол маалдагы Николай Танаев башында турган өкмөт “камеколуктардын” пайдасына чечим кабыл алып бергенин айтты. 2004-жылдан тартып Жогорку Кеңеш мындай чечимдин туура эместигин белгилеген 4 чечим кабыл алганын кошумчалады.
Кыргыз өкмөтү, “Кыргызалтын” ишканасы, “Центерра Голд Инк.” канадалык компаниясы, “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кумтөр Голд Компани” жана “Камеко” канадалык корпорациясынын ортосундагы “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам 2009-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган болчу. (RK)