Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:04

Өзбекстан Сох анклавына жардам алып өттү


Мурда макулдашылгандай, Өзбекстан 8-февралда Кыргызстандагы Сох анклавына жардам алып өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти. Элге эң зарыл болгон жүк Фергана шаарынан “Кадамжай” өткөрүү жана “Чечме” текшерүү бекеттери аркылуу анклавга жеткирилди.

Өзбекстандын Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин 9 жүк ташуучу машинеси Сох анклавынын элине азык-түлүк, отун, дары жана кийим-кечектерди алып келишти.

Өткөн айдын аягында эки тараптуу келишимдин негизинде Кыргызстан Өзбекстандагы Барак эксклавына, Өзбекстан Кыргызстандагы Сох анклавына жана Шахимардан айылына гуманитардык жардам өткөрүшкөн.

Чек ара бекеттери январдын башында кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өлкө тургундарынын ортосундагы чырдан кийин жабылган. (AKu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG