Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Бишкекте түрдүү улуттардын маданий жарманкеси өттү


Бишкектеги көңүл ачуучу борборлордун биринде ар түрдүү улуттардын маданият жарманкеси өттү. Анда АКШ, Мексика, Жапония, Тайван, Кытай, Индонезия, Словакия жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга келип, ыктыярчы болуп иштеп жүргөндөр маданияты менен тааныштырды. Иш-чаранын уюштуруучусу болгон эл аралык AIESEC уюмунун мүчөсү Элдияр Таалайбек жарманкеде улуттар өздөрүнүн тамак-ашын, сувенирлерин, мамлекеттик символикаларын көргөзмөгө коюп, каада-салттарын жана ыр-бийлерин тартуулаганын билдирди.

Эл аралык студенттердин жана жаш адистердин AIESEC уюму мындай иш-чараны башка улуттарга карата толеранттулукту өнүктүрүү максатында уюштурду. (AKu)

XS
SM
MD
LG