Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

АКШнын беш штатында катуу бороондон улам өзгөчө кырдаал жарыяланды


Бороонду көрсөткөн тасмадан бир көрүнүш
Бороонду көрсөткөн тасмадан бир көрүнүш
Түндүк-чыгыш штаттарда 600 миңден ашуун үй электр жарыгы жок калды. Бийликтердин айтымында, Массачусетс штатындагы Пилгрим Атомдук электростанциясы өткөн түнү катуу жааган кардан улам иштебей калган.

Бостондо бир метрге чейин кар жаайт деп жатышат. Нью-Йорк шаарындагы үч негизги аэропортко кончу учактардын ишембиге белгиленген 5,300дөн ашуун каттамы убактылуу токтотулду. Бостондун Логан аэропорту жабылды.

Нью-Йорк, Массачусетс, Коннектикут, Род-Айленд жана Мэн штаттарынын бийликтери “Немо” ураганынан сактаныш үчүн өздөрүндө өзгөчө кырдаал жарыялап, тургундарды үйлөрүндө калып турганга чакырышты.

XS
SM
MD
LG