Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Грузиядагы кечээги зомбулукка катышы бар делген үч киши камалды


Китепканадагы зомбулуктан улам президент Саакашвили бул жерде сүйлөй албай калды, 8-февраль, 2013
Китепканадагы зомбулуктан улам президент Саакашвили бул жерде сүйлөй албай калды, 8-февраль, 2013
Полициядан кабарлашкандай, алар - кечээ президенттин партиялаштарын ур-токмокко алганга катышкандар. Жума күнкү окуяны иликтөө башталганын өлкөнүн ички иштер министри Иракли Гарибашвили жарыялаган.

Кечээ президент Михаил Саакашвилинин Улуттук китепканада кайрылуу жасашына жол бербөөнү максат кылган 300га жакын демонстрант китепкананын маңдайында президенттин “Бириккен улуттук кыймыл” партиясынын айрым мүчөлөрүнө чабуул койгон. Кабарларга караганда, зомбулукка катышкандардын көбү буга чейин саясий себептер менен камакка алынышкан болчу жана алар былтыр октябрдагы парламенттик шайлоодо азыркы премьер Бидзина Иванишвилинин “Алтын үмүт” коалициясы жеңгенден кийин гана боштондукка чыгышкан.

Саакашвилиге премьердин коалициясы парламентте кайрылуу жасашына жол бербей, “оболу президент бийликтен мөөнөтүнөн мурда кетээрин жарыяласын” деп талап кылгандан кийин ал китепканада сүйлөөнү чечкен. Бирок китепканадагы окуядан кийин Саакашвили кайрылуусун өзүнүн резиденциясынан жасады. Анда президент башкаруучу коалицияны “ынтымакта жашап кызматташууга” чакырды, парламентти тарткатуу тууралуу сунуштарды четке кагаарын билдирди.

Михаил Саакашвилинин экинчи жана акыркы президенттик мөөнөтү быйыл октябрда аяктайт. Аны оппоненттери “каршы пикирдеги адамдарды кысмактап, адам укуктарын бузган” деп айыпташууда.

XS
SM
MD
LG