Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Коррупцияга шектелген жетекчини сот айыппулга жыкты


Пара алууга шектелген Сот департаментинин жетекчиси Алтынбек Тажибаевди Бишкектин Биринчи май райсоту айыппулга жыкканын УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызматтан ишембиде кабарлашты. Маалыматка караганда, соттун пара алууга шектелген жетекчини айып пулга жыгуу өкүмүнө Бишкек шаардык прокуратурасы макул болбой, кийинки баскычтагы сотко кайрылды.

Өткөн жылдын октябрь айында пара алды деген шек менен кармалган Жогорку Сот алдындагы Сот департаментинин директору Алтынбек Тажибаевди жана Соттор кеңешинин окуу борборунун адиси Адил Шайхидиновду 30-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту акчалай айыппулга жыккан. Сот аларды кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу) боюнча актап, 224-беренеси (пара менен сатып алууга аракет кылган) боюнча гана күнөөлүү деп табуу менен Тажибаевди 300 жана Шайхидиновду 500 күндүк айлык эсебиндеги айыппулга жыккан.

Сот департаментинин бул кызматкерлери былтыр октябрда жергиликтүү сотторду тандоо боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгын бурмалоо үчүн аванс түрүндө 6 миң доллар пара алып жатканда кармалганы айтылган.

XS
SM
MD
LG