Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Аба ырайы: Кар көчкү коркунучу бар


Шашылыш эскертүү

Кыргызстанда 10-11-февраль күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоолуу райондордо, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

Аба ырайы

11-февралда Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй жана Талас аймактарында туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6... -11, күндүз 0... -5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -9… -14, күндүз -2…-7 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +1...+6 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3... -8, күндүз 0...5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -12... -17, күндүз -6... -11 градус болот.

Бишкекте 11-февралда жаан жаабайт, түнкүсүн туман каптайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…-2 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG