Багдадга жакын жайгашкан качкындар лагерине ишемби таңда согушчандардын кол салуусунан 6 адам мерт кетип, 40ка жакыны жараат алышты. Согушчандар лагерди ракеталар жана миномет менен аткылашкан. БУУ баш катчысы Пан Ги Мун Ирак бийликтерин чабуулду уюштургандарды жаза тартууга чакырды. АКШнын мамлекеттик департаментти болсо согушчандарды маңызсыз кадамга барган деп сындап чыкты. Кол салуу болгон лагерде Моджахедин-э Халк оппозициялык тобунун мүчөлөрү баш калкалап турушкан. Качкындарды башка жай тапканга чейин БУУ аталган лагерге жайгаштырган болчу.