Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Апрель окуясы боюнча сот уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады. Анын айтымында, бүгүнкү соттук териштирүүдө айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү уланат. Азыркы учурга чейин сотто көрсөтмө бере элек 12 айыпталуучу калды. Буга чейин сот жараяны айыпталуучулар УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов менен мамлекеттик күзөт кызматынын төрага орун басары Данияр Дунгановдун ден соолугуна байланыштуу токтотулган.

2010-жылы 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген жана аны аткарган деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге тагылган. Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. Ишти Бишкек гарнизондук аскер соту кароодо.(BkA)

XS
SM
MD
LG