Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Малды идентификациялоо боюнча мыйзам долбоору талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинде малды идентификациялоо боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Бул мыйзамга ылайык, өлкөдөгү малды каттоого алып, паспорттоштуруу каралууда.

Өткөн жылдын октябрь айынан тарта казак тарап Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына тыюу салган. Казакстан мындай кадамга Кыргызстанда малды идентификациялоо тууралуу мыйзам жок болгондуктан барганын жана мыйзам кабыл алмайын сүт азыктарын өткөрбөй турганын билдирген. Мындан улам өлкөнүн Айыл чарба жана суу чарба министрлиги аталган мыйзамды даярдап, парламенттен тезинен кабыл алууну өтүнгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG