Лос-Анжелестин бийликтери үч адамды өлтүрдү деп шектелген полиция офицеринин жашырган жерин айткан адамга 1 миллион доллар убада кылды. Лос-Анжелестин мэри Антонио Вилларайгоса жекшембиде кылмышкер жазасыз калбай турганын билдирип, аны кармоого шаар тургундарын көмөктөшүүгө чакырды.
33 жаштагы полициянын мурдагы офицери Кристофер Дорнер өткөн жумада өзүнүн кесиптешин аялы менен, дагы бир полиция кызматкеринин кызын атып өлтүрүп, из жашырып кеткен. Ал мындай кадамга кызматтан адилетсиз бошотулганы үчүн барганын, буга себепкер болгон адамдар өч алаарын интернетке жайгаштырган атайын билдирүүсүндө жарыялаган.