Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:05

ЖК комитети соттолгондор тууралуу кыргыз-кытай келишимин жактырды


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети соттолгон жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү тууралуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы келишимди жактырды. Бул келишимге былтыр жайында Бээжинде кол коюлган болчу. Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованын комитеттеги жыйында билдиришинче, келишимде мунапыс берүү жактары да каралган.

Ырасмий маалымат боюнча, Кытайдын түрмөлөрүндө 20 кыргыз жараны отурат. Алардын бирөө өлүм жазасына, 11и өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Кыргызстанда Кытайдын 5 жараны соттолгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG