Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Дыйкандарга күйүүчү май баасын арзандатуу каралууда


Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү департаменти дыйкандарга күйүүчү майдын баасын арзандатып берүү жолдорун издеп жатат. Аталган департаменттен кабарлашкандай, буга чейин күйүүчү майды дүң баасында алуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Эми атайын келишим менен өтө көп эмес көлөмдөгү майды 1-2 пайыз арзан алуу жактары чечилүүдө. Май ташуучуларга жазгы талаа иштеринин маалында бааны кескин көтөрбөө тууралуу кайрылуу кат жөнөтүлдү.

Айыл чарба министрлигинин маалымдашынча, жазгы жана күзгү талаа иштерине жалпысынан 120 миң тоннадай күйүүчү май керектелет. Учурда запаста 13,5 миңдей тонна май бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG