Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча парламенттик угуу өтөт


Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу парламенттик угуу өтөөрүн маалымдады. Аталган комитет бүгүн ГЭС тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимди ратификациялоону талкуулады. Иманалиевдин билдиришинче, парламентте ГЭСти куруу боюнча суроо көп жана пикирлер эки ача болууда. Ошондуктан талкуулап, позицияны аныктоо зарыл.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча өткөн жылы сентябрь айында макулдашкан. Мындай келишимге негизинен 2008-жылы эле кол коюлган, бирок максатына жеткен эмес.

Азырынча Камбар-Ата-1 ГЭСи качан курулары белгисиз. Келишим боюнча долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү. (EBM)

XS
SM
MD
LG