Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Чоң-Алай: суу ташкындан жабыркаган үй-бүлөгө убактылуу үй берилди


8-февраль күнү болгон суу ташкындан Кара-Тейит айылынын Осмон аттуу тургунунун 24 баш койу өлгөнүн «Азаттыкка» райондун акими Азиз Аширалиев билдирди. Анын айтымында, айылды аралап өткөн Ак-Суу дарыясынан суу ташып, жергиликтүү бир тургундун үйүн жана мал сарайын жараксыз абалга келтирген. Андан сырткары 14 тонна картошкасын үшүк алган.

Окуя күндүзү саат 14.30дар чамасында болгон. Жабыркагандарга өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ошол эле күнү тийиштүү жардамдар көрсөтүлгөнөн министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Турак-жайы жана мал короосу жараксыз абалга кептелген жашоочунун үй-бүлөсү өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген мобилдүү үйдө баш калкалап турат.

Маалыматка ылайык, суу ташкыны дарыяда топтолуп калган муз бөлүктөрүнүн айынан келип чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG