Голивудда тартылган “Арго” фильмин британдардын кино жана телеакадемиясы 2012-жылдын мыкты көркөм фильми деп тапты. Бен Аффлектин фильми Ирандагы 1979-жылкы ислам революциясы кезде Канаданын Тегерандагы элчиканасына жашынган америкалык дипломаттарды куткаруу операциясын көрсөткөн. Стивен Спилбергдин “Линкольн” деп аталган тарыхый филминде АКШнын 16-президентинин ролун аткарган Дэниэл Дэй-Льюисти Британ кино академиясы мыкты актер деп тапты. Ал эми Михаэль Ханекенин “Сүйүү” фильминдеги ролу үчүн Эмманюэль Рива мыкты актриса деп аталды. Франциялык актриса азыр 85 жашта.