Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Воркутада кендеги жардыруудан тогуз жумушчу набыт болду


Орусиянын түндүгүндөгү Воркутинская көмүр кенинде болгон жардыруудан тогуз кенчи курман болду. Ички иштер министрлиги кенчилердин жасаттары сыртка алып чыгарылганын, бирок сегиз жумушчуну көмүрдүн астында калды деген коркунуч бар экенин билдирди. Кабарларга караганда, жардыруу болгон кезде забойдо 22 кенчи иштеп жаткан. Жардыруу забойго метан газы ашыкча көп топтолгондон улам болушу мүмкүн деп жоромолдонууда. Орусиянын көмүр кендеринде коопсуздук чаралары катуу сакталбагандыктан, жумушчулардын өмүрүнө кооптуу өндүрүштүк кырсыктар көп болот.
XS
SM
MD
LG