Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Воркутада кендеги жардыруудан 18 жумушчу набыт болду


Орусиянын түндүгүндөгү Воркутинская көмүр кенинде топтолгон газдын жарылуусунан үч киши жараат алган. Кабарларга караганда, жардыруу болгон кезде забойдо 22 кенчи иштеп жаткан. Ырасмий бийликтер өндүрүштүк кырсыкта каза тапкан адамдардын үй-бүлөсүнө 67 миң доллардан төлөнүп берилерин жарыя кылды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жардыруу метан газы забойдо ашыкча көп топтолгондон улам чыгышы мүмкүн. Орусиянын көмүр кендеринде коопсуздук чаралары катуу сакталбагандыктан, жумушчулардын өмүрүнө кооптуу өндүрүштүк кырсыктар көп болот.

XS
SM
MD
LG