Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Жогорку Сот депутаттардын маянасын жарыялоого тыюу салды


Жогорку Сот дүйшөмбүдө парламент депутаттарынын айлык маянасы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттардын маянасын ачыкка чыгаруу үчүн соттошуп жаткан адвокат Нурбек Токтакунов кабарлады. Анын айтымында, сот өз чечимин эч бир мыйзам менен негиздеп бере алган эмес. Мындан улам укук коргоочулар Жогорку Сот парламенттин саясий буйругун аткарды деп нааразы болушууда.

Былтыр жыл башында жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңеш депутаттарынын алган айлык маянасы тууралуу маалыматты ачыктоо максатында парламент аппаратына кайрылган. Бирок парламент мындай талапты мыйзамсыз деп, тараптар сотто беттешкен. Анда Бишкектин райондор аралык соту менен шаардык сот укук коргоочулардын талабы жүйөөлүү деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон парламенттин аппараты Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Кеңеш аппаратынын жүйөөсүндө, депутаттардын маянасынын өлчөмү тууралуу маалымат кызматтык максатта гана колдонууга боло турган купуя документтердин катарына кирет.

Жогорку Соттун чечиминин үстүнөн арызданууга болбойт.(BkA)

XS
SM
MD
LG