Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

Камбар-Ата-1 ГЭСинин ТЭНин даярдоо сынагы узартылды


Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн конкурстун мөөнөтү 11-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Камбар-Ата-1" жабык акционердик коомунун төрагасынын кеңешчиси Таалайбек Акунов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын 28-декабрында жарыяланган ГЭСтин техника-экономикалык негиздемесин даярдоого конкурстун мөөнөтү бүгүн аяктамак, бирок ага катышуу үчүн арыз бергендердин суранычы менен 11-мартка чейин узартылды. Бул күнү техника-экономикалык негиздеменин долбоорлорун кабыл алуу аяктап, 30-мартта конкурстун жыйынтыгы чыгарылат.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы 4 ГЭСти куруу боюнча 2012-жылдын сентябрь айында макулдашкан. Келишим боюнча долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү.

Аталган ГЭСтердин курулушуна Өзбекстан каршы чыгып, эл аралык экспертизадан өткөрүүнү талап кылууда. Учурда бул ГЭСтерди куруу боюнча келишим Жогорку Кеңештин кароосунда.(BkA)

XS
SM
MD
LG