Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Түркиянын Сирия менен чек арасында автомобилге коюлган бомба жарылды


Түркиянын маалымат булактарынын кабарлашынча, Рейханли шаарчасына чукул жердеги бул кырсыктан беш адам ажал тапты. Рейханлинин мэри CNN Turk TVна берген интервьюда Сириянын номери тагылган автомобиль жарылганганда курман болгондордун төртөө Түркиянын жараны экенин айтты. Жардыруудан он беш чакты автомобиль зыян тарткан.

Эки жылдай мурда президент Башар Асаддын режимине каршы куралдуу көтөрүлүш башталгандан бери Түркия-Сирия чек арасына жакын аймакта адаватчылар менен Асадга ишенимдүү аскерлердин аткылашуусу тез-тез болуп турат. Түркиянын аймагына он миңдеген сириялыктар качып өткөн.

XS
SM
MD
LG