Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

“Муасир Мусават” жазуучунун кулагын 12 700 долларга баалады


Азербайжандын өкмөтчүл “Муасир Мусават” партиясы “Таш уйку” романынын авторунун кулагын кесип келген адамга 10 миң манат (12 700 доллар) байге сайды. Бул жөнүндө партиянын төрагасы Хафиз Хажиев жекшемби күнү жарыя кылды. Акрам Айлислинин романында Азербайжан-Армения ортосундагы осол мамиленин себептери, 1990-жылдын башында өзүн Азербайжандан күнкорсуз деп жарыялаган Тоолуу Карабахтагы согуш кездеги кандуу окуялар сүрөттөлөт.

Ишемби күнү Азербайжан жазуучулар союзу Акрам Айлислини “Эл жазуучусу” наамына татыктуу эмес деп, наамдан ажыратып койгон. Ишемби күнү Айлислинин туулган кыштагы – Айлисте жүздөгөн адамдар чогулуп, жазуучуну жана “Таш уйку” романын жектешти жана жазуучун “чыккынчы” деп аташты.

XS
SM
MD
LG