Мамлекеттик кадр кызматынын маалымат катчысы Айгүл Кубатова ушул күнгө чейин бир дагы депутат жана министр кирише-мүлкү тууралуу декларация тапшыра электигин "Азаттыкка" маалымдады. Негизи Кыргызстан боюнча мындай декларацияны өлкө жетекчилери баш болгон 1400дөй аткаминер тапшырышы зарыл. Бүгүнкү күндө алардын 226сы толтуруп берди. Декларация тапшыруу жараяны ушул жылдын 1-январында башталган жана мартка чейин аякташы керек.
Аткаминерлердин жылдык кирешесин текшерген бул жараян Кыргызстанда 2004-жылдан бери өткөрүлөт. Былтыр айрым жогорку деңгээлдеги саясатчылар кирешелерин толук көрсөткөн жок деп сынга кабылган эле. (EBM)