Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:03

Баткенде “Замандаштын” өкүлү мэр болду


Бүгүн Баткен шаардык кеңешинин жыйынында “Замандаш” партиясынын өкүлү Жаныбек Жалалов мэр болуп шайланды. Анын талапкерлигин “Замандаш”, Социал-демократтар жана “Республика” фракцияларынан куралган коалициялык көпчүлүк көрсөткөн. “Бүтүн Кыргызстан” менен “Ата-Журт” Мамашарип Орозбаевди сунуштаган. Жашыруун добуш берүүдө Жалалов 18, ал эми Орозбаев 12 добуш алды. Бир депутат экөөнө тең каршы добуш берди. Баткен шаардык кеңешинде 31 депутат бар.

28-январда эки талапкер тең жетиштүү добуш албай калган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG