Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Centerra Gold компаниясынын деректири Ян Аткинсон Бишкекке келди


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кумтөр” ишканасынын маалымат катчысы Сергей Дедюхин маалымдады. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр кыргыз өкмөтүнүн планына жараша болот.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча сүйлөшүү үчүн топ түзгөнүн “Азаттыкка” билдирген. Ага ылайык, топтун башында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев турат. Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия кызыкдар тарап катары сүйлөшүүгө катышпайт.

Аталган комиссия корутундусун өткөн жылдын аягында жарыялаган. Анда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мыйзам бузуу менен түзүлгөнү айтылат. Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. Эгер жогоруда аталган шарттарга азыркы инвестор көнбөсө, анда келишимди толук бузуу сунушталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG