Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Түндүк Корея үчүнчү өзөктүк тажрыйбаны ийгиликтүү өткөргөнүн билдирүүдө


Түндүк Кореянын Борбордук Кабар агенттиги азыркы сынак мурдагысынан көлөмү кичине, бирок кубаттуулугу жогору болгон курал менен өткөрүлдү.

"Өзөктүк сынал жогорку деңгээлде коопсуз жана кынтыксыз шартта өттү", - деп билдирди КРТ жаңылыктар каналынын алып баруучусу.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы ядролук курал жасоону токтотууну талап кылган чараларды киргизген. Сынакты АКШ, Орусия, Британия, Жапония жана БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун айыптады. Бул окуяны Коопсуздук кеңеши бүгүнкү чукул жыйында талкуулап жатат.

XS
SM
MD
LG