Башкы прокурор Аида Салянова талоончулук боюнча парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, фактылардын жетишсиздигинен улам бул иш убактылуу токтотулганын билдирди. Эгер жаңы жагдайлар чыкса кайра жанданаарын белгиледи. Ички иштер министрлигинин тергөө тобунун өкүлү иликтөөдө “Ата Мекендин” депутаттары 2 тонна алтын алып чыгып кеткени тастыкталбаганын маалымдады.
Бул талкууда апрель окуялары боюнча айыпталып камакта отурган Абдулла Юсупов мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен азыркы жаштар министри Алиясбек Алымкулов да аралашкан деп көрсөтмө бергени, кийинчерээк Рысалиевге байланыштуу көрсөтмөсүнөн баш тартканы маалым болду. Алымкулов болсо ошол кезде ок жеп ооруканада жаткандыктан Юсуповдун айткандары такталган эмес. (EBM)