Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:33

Аксыда камактагы депутаттарды колдогон митинг өттү


Бүгүн Жалал-Абаддын Аксы районунун борбору - Кербен шаарында “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттарынын иши боюнча адилет өкүм чыгаруу жана Кумтөр баштаган кендерди улутташтыруу талабы менен нааразылык акция өттү. Аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Азамат Кенжебаев анда 600дөй адам чогулганын, эгер бул талаптар аткарылбаса мындай митингдер күчөй турганын “Азаттыкка” билдирди. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Абдурашит Керимбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, нааразылык акцияга 300дөй адам келди, мыйзам бузуу катталган жок.

Камактагы “Ата-Журт” партиясынын депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов баштаган алты адамдын соту эртең уланмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG